Биз менен байланышыңыз

«Талибандын» согушкерлерине селфи кылууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 678 | 0

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда террордук деп табылган уюм) өз согушкерлерине селфи кылып, сүрөттү социалдык тармактарга чыгарууга тыюу салды. Бул боюнча коргоо министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Якубдун тиешелүү буйругу чыкты.

Тыюу салууга айрым согушкерлердин сейил бактарды кыдырып, оюн-зоок аттракциондорго түшүп, анын видео жана сүрөттөрү социалдык тармактарга чыгып кеткени себеп болгон.

Министрдин айтымында, согушкерлердин бул иш-аракеттери кыймылдын аброюна доо кетирүүдө. Аны менен бирге социалдык тармактарга чыккан сүрөттөр аскерлердин жана кыймылдын жетекчилеринин кайсы жерде экенин көрсөтүп, коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ал согушкерлер башка нерсеге алаксыбай, берилген тапшырманы так аткарышы керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, талибдерге Батыштын кийимин кийүүгө да тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM