Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарынын мэри кызматтан кетти

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 361 | 0

«Алдамчалык» иши боюнча кармалып, кайра сыртка чыкпоо тилкаты менен кое берилген Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Болотбеков быйыл июнь айында Нарын шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан мэр болуп шайланган.

«Аз болсо да, 3 ай ичинде Нарын шаарынын жашоосун ынгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы акыркы жагдайга байланыштуу моралдык жактан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм. Мындан ары дагы Нарын шаарынын өркүндөшүнө колуман келген аракетимди жумшайм деп ишендире кетем», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Самарбек Болотбеков алдамчылыкка шектелип камакка алынган мурдагы депутат Руслан Чойбековдун иши боюнча кармалып, кайра сыртка чыкпоо тилкаты менен кое берилген.

Нарындын мэри өлкөдөн сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM