Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата Венгриянын борбору Будапешт шаарында шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Венгрияда шайлоо тилкеси алгач ирет ачылат. Ал Кыргызстандын Венгрияда элчилиги ачылып жатканы менен байланыштуу.
Мындан мурдаарак БШК парламенттик шайлоого карата Орусиянын Казань, Краснодар, Самара, Томск, Хабаровск, АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго, Түркиянын Анталья жана Италиянын Кальяри шаарында биринчи жолу добушканалар даярдаларын билдирген.
Чет өлкөдө жалпы 57 шайлоо тилкеси ачылат. Алар элчилик, башкы консулдуктардын имараттарында жайгашат.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.