Биз менен байланышыңыз

Мамлекетке кайтарылган радиожыштыктар 1 млрд сомдон ашык акчага сатылды

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 345 | 0

23-27-сентябрда www.auction.nas.gov.kg интернет-порталында Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугуна 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштыкты сатуу үчүн үч лот боюнча онлайн-аукциондор өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аукциондун жыйынтыгы боюнча аталган радиожыштыкты Кыргызстандагы үч компания 1 млрд 9 млн 420,8 миң сомго сатып алган.

— 1-лот боюнча – 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн 296 млн 121 миң 600 сом суммасын сунуштаган «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom);

— 2-лот боюнча – 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн 353 млн 235 миң 200 сом сунуштаган «НУР Телеком» ААК (О!);

— 3-лот боюнча – 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн 360 млн 64 миң сом сунуштаган «Sky Mobile» ЖЧК (Beeline).

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн радиожыштык ресурсуна лицензия 1998-жылы Ала-ТВ ЖЧКсына Бишкек шаарында эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү тармагын иштетүү үчүн берилген (ал учурда радиожыштык ресурсун (тендер/аукцион) сатуу аркылуу бөлүштүрүү болгон эмес).

2017-жылы бул лицензия 1 миң сомго узартылган. Ал эми 2020-жылы компания аны кайра 1,5 млн долларга (же учурдагы курс боюнча 127 млн 500 миң сом) эфирдик-кабелдик телеберүүнү кеңири тилкелүү маалыматтарды берүү технологиясына (LTE) өзгөртүү ниети менен саткан.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскер прокуратурасы тарабынан айрым мамлекеттик органдардын кызматтык адамдары аркылуу радиожыштыктарды сатып алуу/сатуу жана аларга карай лицензияларды кайрадан тариздөө боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы коррупциялык фактылар аныкталып, ага бөгөт коюлган, анын натыйжасы боюнча бир катар кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Радиожыштык чырына байланыштуу былтыр июнь айында Мухамедкалый Абылгазиев да кызматтан кеткен.

Көрсөтүлгөн радиожыштыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ишке ашыруу үчүн мамлекетке кайтарылып берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM