Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 29-сентябрда Кыргызстанда жаан жаабайт

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 279 | 0

Эртең, 29-сентябрда Кыргызстанда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +21 … +26;

Талас облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +21 … +26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11 … +16, күндүз +25 … +30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +20 … +25;

Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +19 … +24 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11 … +13, күндүз +24 … +26 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM