Биз менен байланышыңыз

«Спутник V» вакцинасы менен эмделгендер АКШга кире албай калышы ыктымал

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 659 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан каттала электигинен орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмделгендер Америкага кире албай калышы ыктымал. Бул тууралуу The Washington Post (WP) гезити жазды.

Учурда АКШ өлкөгө кирүү үчүн чет өлкөлүктөргө жаңы эрежелерди иштеп чыккан. Ал эрежелер ноябрь айында күчүнө кириши мүмкүн.

Жаңы эрежелерге ылайык, «Америкага барам» деген чет элдик жаран АКШ же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган вакцинанын эки дозасы менен тең эмделип, колунда коронавирус жоктугун тастыктаган тесттин жыйынтыгы болушу шарт.

Басылма жазгандай, бул чектөө бир гана орусиялык эмес, «Спутник V» вакцинасын алган чет элдиктерге да маселе жаратат. Себеби «Спутник V» вакцинасы менен эмделген адамдардын саны арбын. Аталган вакцина 70 өлкөдө жактырылып, дүйнөдө 448 млн дозасы сатып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM