Кечээ, 27-сентябрда Улуттук банк валюта рыногунда интервенция жасады. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында айтылат.
Улуттук банк валюта рыногуна 33 млн 100 миң доллар саткан – 8 млн 400 миң (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) жана 24 млн 700 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен).
Буга чейин Улуттук банк 29-апрелде интервенция жасаган.