Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жаткандыктан анын ордуна Кубанычбек Боконтаевдин талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетине Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу боюнча кызматтан алуу тууралуу документтер келип түшкөн. Анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевди талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Мындан мурдаарак Бөкөнтаев менен Улуттук банк башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Самат Конокбаевдин көрсөтмөсүнөн баш тартышынан кийин качкын президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге «Ысык-Көл инвестициялык банкын» тартып алууга катыштыгы бар деп айыпталган Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата сот өкүмү жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн. Экөө тең 2010-жылы Марат Алапаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун билдиришкен.