Биз менен байланышыңыз

Кабулда Казакстандын элчиси талибдердин тышкы иштер министри менен жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 616 | 0

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Есенгельдиев «Талибан» кыймылынын өкмөтүндө тышкы иштер министри милдетин аткарган Амир Хан Муттаки менен жолугушту.

Жолугушууда азык-түлүк түрүндө жана башка гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланган.

Амир Хан Муттаки Казакстанга оор учурда көмөк көрсөтүү ниети үчүн ыраазычылык билдирген.

Анын айтымында, талибдер бардык өлкөлөр менен биринчи кезекте коңшу жана аймактагы мамлекеттер менен жакшы алакада болууну көздөйт.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алар талибдер менен байланыш түзүүгө даяр экенин, ал байланыш биринчи учурда гуманитардык жардам багытында болорун айткан.

23-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков өлкө атынан Ооганстан элине гуманитардык жардам жеткирип келген. Анда Масадыков премьер-министрдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадар жана Амир Хан Муттаки менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM