Биз менен байланышыңыз

БУУ Ооганстан үчүн убадаланган акчалай жардамдын 131 млн долларын алды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 294 | 0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстан үчүн убадаланган акчалай жардамдын 131 млн долларын алды. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

Мындан мурда БУУ Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн донорлордон жыл аягына чейин 606 млн доллар сураган. Женевадагы жолугушууда донорлор 1 млрд 2 млн доллар берүүнү убадалаган.

Белгилей кетсек, көп жылдык согушту баштан кечирген Ооганстандын эли пандемия, кургакчылыктын айынан, ошондой эле «Талибандын» бийликти басып алышынан кийин быйыл гуманитардык жардамга айрыкча муктаж болууда.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш донорлорго жасаган кайрылуусунда «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) гуманитардык операцияны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүгө жана гуманитардык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга милдеттенме алганын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM