Биз менен байланышыңыз

Тойду токтом менен токтотууга болобу?

Коом , Экономика | 27 Сен 2021 | 2583 | 0

Кыргызстанда жыл сайын күз айлары той сезону катары эсептелет. Тойдо ашыкча чыгым көп болгондуктан, ысырапкорчулукту токтотуу кыргыз коомчулугунда бир канча жылдан бери талкуу жараткан маселеге айланып келет.

Эл ичинде айрымдар тойдун болгону жакшы дешсе, кээ бири ысырапкорлукка барбаса дешет. Буга байланыштуу депутаттар тойдогу ысырапка чектөө кое турган мыйзам долбоорун да иштеп чыккан. Азырынча ал кабыл алына элек.

Бишкек шаарынын тургуну Айбек мырзанын айтымында, аш-тойлорду өткөрүү атаандаштыкка айланып, эл ыксыз чыгымга барууда.

«Той болгону жакшы. Бирок кыргызда «казга теңелем деп, карганын буту сыныптыр» деген жакшы сөз бар. Байга теңелем деп, кедейи дагы да жакырланып жатат. Той болсун, бирок ашыкча ысыраптын болгону туура эмес.Мисалы, Тажикстанда тойдо мал союлса, мыйзамдуу түрдө айып салынат. Биздин депутаттар 16 миң айып пул төлөтүү керек деп чыгышты. Бул — күлкү келе турган көрүнүш. Аны жөнөкөй адам деле төлөп кое берет.  Айып пул салса, 200-300 миң сом болушу керек. Бул мыйзамды көтөрүп чыкканга жараша, айып пулдун суммасын да көтөрүү зарыл. Ошондо эл аз да болсо ойлонуп калат».

Ошол эле учурда көп акча кетерин билсе да, той өткөрүүнү каалагандар да жок эмес. Мындагы башкы максат: «салынуу кашык», тактап айтканда, өзү берип жүргөн кошумчаны тойдун шылтоосу менен кайра чогултуп алуу.

«Тойдо ашыкча чыгым кылып жатышат. Анын орточо болгону жакшы. Тойду азайтабыз дегени менен азайбайт, кайра күчөйт. Билесиңер, кыргыздар бири-бирине атаандашып той бере беришет. Жамандык болбой, жакшылык болгону жакшы. Жакшылыктарда эле ойноп-күлүп жүрөлү. Эл уул-кызы үчүн той өткөргүсү келет. Аны менен бирге соодада иштеген, жеке ишкерлик менен алектегендерге пайдасы чоң», — дейт шаар тургундарынын бири.

Ал эми Айгүл айым той-топур ысырапка себеп болуп, «той өткөрөм» деп карызга баткандар көп экенин белгилейт.

«Тойдо көп чыгым кетет. Албетте аны кыскартуу керек. Ал үй-бүлөнүн бюджетине зыянын тийгизбей койбойт. Себеби эл той өткөрүүгө насыя алышат, тойдун кошумчасы деген болот. Бизде октябрда эле туугандарыбыздын үч тою болот. Баары кымбат болуп турган учурда чыгымдын азайганы эл үчүн жакшы».

Бишкектеги «Сармерден» тойканасынын ээси Дүйшөмамбет Орозалиевдин айтымында, той болгон учурда көп киши, айрыкча жаштар жумуш менен камсыз болот, ишкерлерге да пайда түшөт.

«Быйыл тойдун саны көп. Тойлор өткөрүлгөн мезгилде дыйкандар өзүнүн жер-жемишин, мал менен алектенгендер малын сатат, жаштар тойлордо тейлөө кызматында иштешет. Бизде жарандарды иш менен камсыз кылгыдай завод-фабрика жок. «Тойлордун санын кыскартуу зарыл же тыюу салуу керек» деген ойлорго каршымын. Бул нерсени өзүм пайда көрүү максатында эмес, Кыргызстандын экономикасына терс таасири тие тургандыктан айтып жатам. Көп ишкерлердин иши артка кетиши мүмкүн», — деди ал.

Даярдаган: Орозгүл Аташова

Copyright © 2017 Maral FM