Биз менен байланышыңыз

29-сентябрда Путин менен Эрдоган Сочиде жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 618 | 0

Шаршемби күнү, 29-сентябрда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу өтөт.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, эки президент көзмө-көз жолугушуу өткөрөт. Учурда Путин обочолонуп иштеп, иш-чараларга видеобайланыш аркылуу катышууда.

Ал билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу алака, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат.

«Биринчи кезекте күн тартибинде Сирия, Ооганстан турат. Ливия жана башка эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, сентябрдын ортосунда айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталгандыктан Путин обочолонуп иштөөгө өткөн. Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммиттерине онлайн катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM