Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгы жана кеңешинин курамы бекитилди

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 360 | 0

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык жана кеңешинин курамы бекитилди. Бул маселе бүгүн, 27-сентябрда экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен болгон жолушуусунда каралды.

Жогорку башкаруу органы болуп эсептелген Фонддун кеңешине Кыргызстандан 3 өкүл жана Венгиядан 2 өкүл кирген.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен экономика жана каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев Фонддун кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.

Президенттин администрациясынын экономика ажан каржы бөлүмүнүн башчысы Жанузак Абдыкалыков менен инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов кеңешке мүчө болгон.

Аткаруучу орган саналган Фонддун башкармалыгына Темирбек Эркинов төрага, Алымбек Орозбеков мүчө болгон. Ошондой эле башкармалыкта Кыргызстандан дагы бир өкүл бар. Азырынча анын аты аталган жок.

Эскерте кетсек, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду 16 млн долларлык уставдык капитал менен түзүлүп, кийин 50 млн долларга чейин көбөйтүлөт. Каражатты Венгрия тарап берет. Сентябрь айынын башында президент Садыр Жапаров Фонд жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM