Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргыз күрөш федерациясынын кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт

Спорт | 27 Сен 2021 | 333 | 0

29-сентябрда Кыргыз күрөш федерациясынын кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Күрөшкө кыргызстандык 500 спортчу, ошондой эле 9га жакын башка өлкөдөн келген чет элдик балбандар катышат. Жеңүүчүлөр автоунаа жана баалуу белектерге ээ болушат.

Буга чейин өлкө ичинде кыргыз күрөшү боюнча бир нече жолу мелдештер уюштурулуп келген. Бул жолкусунда эл аралык деңгээлде болот. Кыргыз күрөшү федерациясынын Бишкек жана Чүй облусу боюнча президенти Эмил Жамгырчиев, мелдеш жаштарды спортко, дени сак жашоого үндөө максатында уюштурулганын айтат.

«Беттештин ачылуу аземи 29-сентябрда саат 17:00дө борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Кыргызстандан 500гө жакын спортчу катышканы турат. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы Ирандан балбандар келет. 28-сентябрда балбандар күрөшө баштайт. Ал эми 29-сентябрда жарым финал жана финалдык кармашуу болот. Мелдештин ачылышы жана жыйынтыктоо аземи да ошол күнү өтөт. Кирүү акысыз. Улуттук оюндарды көп адамдар колдойт. Кимдир бирөө каражат аркылуу, кээ бирөө жактан колдоп берет. Башкы демөөрчү Татарстандык «Ядран групп» компаниясы. Катышкан спортчуларды кызыктуу жана баалуу белектер күтүп турат. Мындан сырткары иш-чарага манасчы Дөөлөт Сыдыков, эстрада ырчылар Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлзада Рыскулова жана башка ырчылар келет”.

Кыргызстандын Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары Улукбек Өмүрбековдун айтымында, акыркы учурда спорттун улуттук түрлөрү мурдагыга салыштырмалуу өнүгүп жатат.

«Буга чейин мелдештер облустук, республикалык деңгээлде өтүп келсе, азыр эл аралык деңгээлде дагы уюштурула башталды. Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун айтсак болот. Көчмөндөр оюнунан кийин кыргыз улуттук оюндарын алыскы мамлекеттер да тааный баштады. Биздин улуттук оюндардын федерациялары башка мамлекеттерге, Америкага чейин ачылган. Төртүнчү жолу Түркияда өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кыргыз күрөшү расмий түрдө кирген. Ошого биздин балбандар өздөрүн даярдап жатышат. Бул мелдешден жеңишке жеткен спортчулар үчүн Түркияга баруу мүмкүнчүлүгү бар».

Машыктыруучу Туратбек Тойчубеков, жакында өтө турган эл аралык мелдешке катыша турган спортчулардын жалпы даярдыгы тууралуу айтып берди.

«Спортчулар намысты алдырбоо максатында, жакшы даярдыктарды көрсөтүп жатышат. Арасында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон балбандарыбыз бар. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн белбоо күрөшү боюнча 3-жолку жеңүүчүсү Нурбек Кожобеков, дзюдо күрөшү менен машыгып келген Болот Токтогунов аттуу күчтүү балбандарыбыз ат салышат. Ошондой эле өз күчүн сыноо максатында бир топ спортчулар катышат. Катышуучулардын жалпы даярдыгы жогорку деңгээлде. Кыргыз улуттук күрөшү болгондуктан, башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде утуп алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Көптөгөн спортчуларыбыз бала кезинен кыргыз күрөшү менен машыгып келишкен. Башка мамлекеттердин балбандарына салыштырмалуу күрөштүн тактикасын мыкты өздөштүрүп келишет. Мелдешке катышкан спортчуларыбыз жакшы күрөш көрсөтүп берет деген ишеничтебиз».

Иш-чаранын ачылышы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Ага Токио Олимпиадасынын байгелүү орундарынын ээси Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова ардактуу конок катары катышат.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM