Connect with us

Жапаров Түркмөнстан президентин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 393 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө Жапаров эгемендүүлүк жылдар ичинде Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелер бекемделип, стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгиледи. Ал эки боордош элдин ортосундагы ынтымак жана жылуу мамилелер мындан ары да чыңдала берерине ишеним артарын билдирди.

«Сизди жана жалпы Түркмөнстан элин өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Кылымдарды карыткан тарыхы бар Түркмөнстан 30 жылдын ичинде өзүнүн ички жана тышкы саясатында чоӊ ийгиликтерге жетишип, учурда эл аралык коомчулукта татыктуу орунга ээ болду.

Дүйнө мамлекеттеринин арасынан эӊ алгач «Түбөлүк нейтралитет» макамына жетишкен өлкө катары Түркмөнстан чыныгы тынчтыктын жана ишенимдүүлүктүн мекенине айланды», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM