Connect with us

Ооганстанда талибдер эркектерге сакал алууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 837 | 0

«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында эркектерге сакал алууга тыюу салды. Ошондой эле эркектерге саркеч чач жасалга жасатууга болбойт.

Андан тышкары чач тарачтарда музыка коюуга тыюу салынат.

Кыймылдын өкүлдөрү билдиргендей, Гильменд провинциясындагы сакал алууга, чач жасалгага киргизилген чектөө бүтүндөй өлкө жарандарына тиешелүү.

Эскерте кетсек, талибдер 15-августта өлкө борбору Кабул шаарын ээлеп алгандан кийин Ооганстанга өз бийлигин орноткон. Бийликти басып алган кыймал өлкө жарандары, айрыкча аял кишилер үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизди.

Учурда талибдер кураган өкмөттү дүйнө коомчулугу тааный элек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM