Биз менен байланышыңыз

Германиядагы парламенттик шайлоодо Меркелдин партиясы жеңишке жете алган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 395 | 0

Кечээ, 26-сентябрда Германияда өткөн парламенттик шайлоону алдын ала жыйынтык боюнча Германиянын социал-демократтар партиясы жеңип чыкты.

Алар шайлоочулардын 25,7%ынын добушуна ээ болду.

Германиянын канцлери Ангела Меркель жетектеп келген «Христиан демократиялык союзу» партиясы менен «Христиан социалдык союзу» түзгөн блок – 24,1%, «Союз-90/»жашылдар» партиясы –  14,8%, Эркин демократиялык партия – 11,5% жана «Германия үчүн альтернатива» –10,3%га добуш алып, парламентке өтүүдө.

Төрт жолку шайлоодо партиясы жеңишке жетип, 16 жылдан бери канцлер болуп келе жаткан Ангела Меркель кызматтан кетип жаткандыктан шайлоодон кийин өлкөдө жаңы канцлер шайланат. Учурда канцлер болууга Германиянын социал-демократтар партиясынан Олаф Шольц жана «Христиан демократиялык союзу» партиясынан Армин Лашет талапкерлигин көрсөттү.

Азырынча эки талапкердин кимиси өкмөттү куроого мүмкүнчүлүк алары белгисиз.

Олаф Шольц (солдо), Ангела Меркель (ортодо) жана Армин Лашет (оңдо)

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM