Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев Алай районунун «Ардактуу атуулу» болду

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 600 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамы берилди.

Бул тууралуу 25-сентябрда Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылышында маалым болду.

Аземде райондун акими Камчыбек Ташиевге 2008-жылы Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү чечими кабыл алынып, бирок аткарылбай калганын айтып, сыйлыкты тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM