Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустун 56 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 290 | 0

Кыргызстанда 26-сентябрга карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 29, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда –10, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 824 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 258 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 848 киши айыгып чыкса, 2 миң 600 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM