Биз менен байланышыңыз

«Озоди»: Ооганстандагы «Ансоруллах» тобу Тажикстанга кол салышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2021 | 838 | 0

«Азаттыктын» тажик кызматы («Озоди») Ооганстандагы «Ансоруллах» (Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган диний уюм) террордук тобу Тажикстанга кол салышы мүмкүн экенин жазды.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара башкармалыгындагы аскер кызматкер «Азаттыктын» тажик кызматына «тажик талибдери» деп аталган «Ансоруллах» тобунун согушкерлери Тажикстанга кол салууну пландап жүргөнү боюнча маалыматтар алынган билдирген.

Учурда алынган маалыматтардын чын-төгүнү изилденүүдө. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү күжүрмөн даярдыкта турат.

Ал учурда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун расмий адамдары өлкө президенти Эмомали Рахмондун келишине камылга көрүп жатат. Облус башчысынын маалымат катчысы Голиб Ниятбеков согушкерлердин кол салуусу тууралуу айың-кептер бар экенин ырастаган.

«Ал болгону ушак. Чек арачылар чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууда. Облуста президенттин иш сапарына даярдыктар жүрүүдө. Эч кимде кооптонуу жок, ар ким өз иши менен алек», — дейт ал.

Азырынча Эмомали Рахмон облуска качан барары белгисиз.

«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда террордук уюм деп табылган) Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарына быйыл июнь айында көзөмөл орноткон. «Азаттыктын» тажик кызматы талибдер ооган-тажик чек ара тилкелеринин бирин кайтарууну «Ансоруллах» тобуна тапшырганын аныктап чыккан. Аталган топтогу адамдардын көбү Тажикстанда эл аралык издөөгө жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM