Биз менен байланышыңыз

Жакында Түндүк-Түштүк жолунун «Эпкин – Башкууганды» тилкесинде курулуш иштери башталат

Кыска кабар | 25 Сен 2021 | 361 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Аалиевдин айтымында, азыркы тапта тендердик комиссиянын иши жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталды.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун «Эпкин – Башкууганды» (89-159 км) тилкесин куруу ишин жакын арада баштоо пландаштырылууда. Жолдун аталган бөлүгүн кытайлык China Railway N: 5 компаниясы сала турган болду.

«Учурда стратегиялык жактан маанилүү эсептелген жолду баштоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле каржылоо маселеси да чечилген. Жолду оңдоо ишинин мөөнөтүнө гана эмес, аны аткаруу сапатына да өзгөчө көңүл буруу керек. Жолдун сапатсыз салынышына жол берилбеши керек. Жол элибизге узак жылдар бою кызмат кылышы керек», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM