Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик катчы жөнүндө жобону бекитти

Кыска кабар | 25 Сен 2021 | 735 | 0

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик катчы жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү жарлык Юстиция министрлигинин сайтына жайгаштырылган.

Президент тарабынан бекитилген жободо мамлекеттик катчынын милдеттери, ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн.

Жобого ылайык, мамлекеттик катчынын жана катчылыктын ишин кызматтык транспорт, кызматтык жайлар, керектүү уюштуруучулук техника, байланыш каражаттары менен камсыз кылуу жана финансылык камсыздоо президенттин иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Аны каржылоо президенттин администрациясын камсыздоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

Учурда Кыргызстанда мамлекеттик катчы кызматын Чолпонбек Абыкеев ээлейт. Ал бул кызматка июль айынын башында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM