Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына «Шамбала» тасмасы көрсөтүлдү

Кыска кабар | 25 Сен 2021 | 1069 | 0

Кыргызстандын «Оскар» комитети Америкалык кинематография искусствосу жана илим академиясынын «Оскар» сыйлыгына өлкөбүздүн атынан «Шамбала» тасмасын көрсөттү.

Аталган тасма «Оскар» сыйлыгына «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» (International Feature Film) номинациясы боюнча көрсөтүлөт.

Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Ал бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир нече сыйлык уткан. Алардын ичинде: Калькуттадагы кинофестивалда Артыкпай Сүйүндүковго «Мыкты режиссёр» сыйлыгы берилген, Орусияда «Ника» сыйлыгын «КМШ, Грузия жана Балтика мамлекеттеринин мыкты тасмасы» номинациясында жеңип алган.

Белгилей кетсек, «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2022-жылдын 27-мартында Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM