Биз менен байланышыңыз

Мамкызматкерлер үчүн Японияга окууга кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 25 Сен 2021 | 827 | 0

2022-2023-окуу жылына JDS долбоорунун алкагында кадрларды даярдоо программасы боюнча талапкерлерди окууга кабыл алуу жарыяланат.

Аталган программа Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн Япониянын университеттеринде магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Квалификациялык талаптар:

– жарандыгы: Кыргызстан;

– жашы: 2022-жылдын 1-апрелине карата жашы 40тан ашпаган (туулган датасы 02.04.1981-ж. чейин);

– кесиби: мамлекеттик мекемелерде туруктуу штаттык кызматкер статусунда иштеген Кыргызстандын бардык мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлери (саясий мамлекеттик/муниципалдык, атайын жана патронаттык кызмат орундарын (консультанттар, кеңешчилер, жардамчылар) ээлегендерден тышкары);

– мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажы: 2022-жылдын 1-апрелине карата туруктуу 2 жылдан кем эмес;

– билими: жогорку (бакалавр даражасы же адистик боюнча диплом);

– англис тилин билүү: магистратурада окуу үчүн керектүү денгээлде;

Программага катышуу үчүн арызды толтуруу жана бардык керек болгон документтерди даярдоо зарыл. Андан кийин арыз, документтер менен кошо 2021-жылдын 12-ноябры саат 16:30дан кечиктирилбей JDS долбоорунун Бишкек шаарындагы офисине жеке же курьер аркылуу тапшырылышы керек. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч жана толук эмес толтурулган арыздар каралбайт.

Арыз берүү үчүн документтерди (арыздын формасы, арыз толтуруу боюнча колдонмо жана башка формалар) JDS долбоорунун офисинен, КР Мамлекеттик кадр кызматынан, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кадрлар бөлүмдөрүнөн же www.jds-scholarship.org (www.jds-scholarship.org/country/kyrgyz/index.html) сайтынан алууга болот.

Кошумча маалымат үчүн JDS JICE долбоорунун офисине кайрылуу керек: Бишкек ш., Эркиндик проспекти, 64Б, 1- этаж, “ololohausErkindik”, № 25 офис, тел.: (0550)02-63-33, (0555)81-86-18

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM