Биз менен байланышыңыз

Келечек муундардын фондун түзүү пландалууда

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 497 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

Иш-чара Президенттин администрациясы жана Экономика жана финансы министрлиги тарабынан уюштурулган.

Кыргызстандын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоору өлкөнүн 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын биринчи этабы боюнча деталдаштырылган документи болуп саналат.

2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоорунун башкы принциптеринин бири – узак мөөнөттүү Стратегия 2040 документинде каралган мамлекеттик саясатты улантуу – адамга  көңүл буруу, анын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү жана чөйрөнү калыптандыруу. Мамлекеттин билим берүү жана саламаттыкты сактоого сарптаган чыгымдары келечекке инвестиция катары каралат.

Келечек муундардын фондун түзүү болжолдонууда. Фонддун максаты — балдардын эрте өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, жашы жетип, билим алуусу, ден соолугу боюнча талаптарды аткарган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Фонддун каржы булагы Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн кайра калыбына келбей турган ресурстарды иштетүүдөн түшкөн каражаттардын бир бөлүгү болот.

Калктын жакыр жана аз камсыз болгон катмарын колдоо максатында микрокредиттик каржылоону бөлүү жолу менен социалдык келишимдин механизмдери киргизилет. Программада жаш жеткинчектерди багуу боюнча энелердин эмгегин таануу, жаш кыздардын азыркы мууну арасында «Курманжан Датканын» образын жандандыруу жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча реалдуу кадамдар камтылган.

Программада мамлекеттин өнүгүүсү үчүн маданият, эл жана диндин көп түрдүүлүгү стратегиялык ресурс катары белгиленген. Мамлекеттик саясат улуттук биримдикти, жарандык жана этностор аралык өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, үй-бүлөдөгү жана балдарга карата зомбулукту жоюуну, жоопкерчиликтүү ата-эненин принциптерин жайылтууну камсыз кылышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM