Биз менен байланышыңыз

«Бирдиктүү Орусия» Мамлекеттик Думада 324 мандат алат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 905 | 0

Орусияда 17-19-сентярбрда өткөн шайлоо уткан бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы Мамлекеттик Думадагы 450 мандаттын ичинен 324үн алат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди.

Экинчи орунду ээлеген Коммунисттер партиясы 57 мандат, «Акыйкатчыл Орусия — Чындык үчүн»  — 27, Либерал-демократтар партиясы — 21, «Жаңы адамдар»— 13 мандат алат.

Ошондой эле дагы үч партияга жана өз алдынча талапкерлерге 8 мандат бөлүштүрүлүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM