Биз менен байланышыңыз

Тараздын тургундары Өзбекстандын АЭС куруусуна каршы чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 988 | 0

Казакстандын Тараз шаарынын тургундары коңшу Өзбекстандын атом электр станциясын куруусуна каршы чыгышты.

Алар бул чоң, бирок кооптуу долбоор коңшу мамлекеттер менен биргеликте ишке ашырылышы керектигин айтышат.

«Чернобылдагы кырсык эсиңердеби, канча адам майып болгон? Мен алардын көбү менен таанышмын. Мунун кандай кереги бар? Мен каршымын», — дейт жергиликтүү тургундардын бири.

Казакстандык экологдор атом электр станциясын куруу маселесинде экономикалык жагы каралып, айлана-чөйрө унутта калып жатканын айтышат.

«Биз электр энергия кымбат болбойт деп жатабыз. Бирок жаратылышты унутпоо керек. Ишкананы кайсы жерде курушпасын, ал суу, аба жана топурак аркылуу бизге зыян алып келет», – дейт эколог Анар Жумадилова.

Эскерте кетсе, Өзбекстан атом электр станциясын Орусия менен кызматташтыкта курууну пландоодо. Ал Өзбекстандын Жизак облусунда курулушу ыктымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM