Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 80 млн доллар берет

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 353 | 0

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын жаңы багытка чыгаруу аракеттерин колдоо жана COVID-19 пандемиясы сыяктуу соккуларга туруштук берүү максатында 80 млн долларлык реформаларды аткарууга багытталган насыялоо программасын жактырды.

Аталган каражат Экономикалык диверсификацияга көмөктөшүү программасынын (PEDP) экинчи кичи программанын алкагында 69,3 млн доллары насыя жана 10,7 млн доллары грант катары берилүүдө. Бул каржылык колдоо өлкөнүн алтын казуусуна жана акча которуулардын көз карандылыгынан чыгуусуна жардам берүү максатын көздөйт.

«Программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM