Биз менен байланышыңыз

Момбеков: VI чакырылыш легендарлуу эмес, легендалуу парламент болдук

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 1089 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары легендарлуу эмес, легендалуу парламент болдук. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев президент VI чакырылышка жогорку баа берип «легендарлуу парламент» деп атаганын билдирген. Буга байланыштуу журналист Момбековго «Сиз өзүңүздү легендарлуу парламенттин мүчөсүмүн деп ойлойсузбу?» деген суроо узаткан.

«Биз VI чакырылыштын депутаттары легендарлуу эмес, тескерисинче легендалуу болдук десек чындыкка жакын болот. Себеби биз жөнүндө эмне деген легендалар айтылган жок, эл кандай гана атаган жок. Дөөлөт түтпөдү же мөөнөт бүтпөдү. Чынын айтканда ушундай», — деди ал.

Момбеков президент VI чакырылышты «легендарлуу» деп атаганына ишенбей турганын айтып, кесиптеши президенттин атын жөн эле кошуп койду деген ойдо.

«Легендарлуу парламенттин «л»сына да татыбайбыз. Канча бир муун өткөндөн кийин VI чакырылыш тууралуу үч президентти, мынча премьер-министрди алмаштырган, алардын убагында Конституция артка иштеп кеткен, мындай чечимдерди кабыл алган десе таң калышы мүмкүн. Ошондуктан биз «легендалуу парламент» десек туура болот», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышы, тунгуч Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тарыхында «легендарлуу парламент» деген ат менен калган. Ал парламенттин тушунда Кыргызстандын эгемендиги тууралуу декларация, Конституция, мамлекеттик символдор кабыл алынган, өлкөнүн көз карандысыз мамлекет катары ишин улантуусуна булардан башка да көптөгөн салым кошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM