Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Улуттук банк «акча алмаштыруу» жайга айланып калды

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Сен 2021 | 1008 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы «акча алмаштыруучу» жайга айланып калды. Мындай пикирин Марал радиосунун «Дүйнө дүбүртү» программасында эксперт Гурас Жапаров айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун кунун кармоо үчүн долларды сатуу, интервенция менен гана алек болуп калды.

«Акча саясатында «күчтүү» жана «алсыз» валюта деген түшүнүк бар. Биздин сом алсыз валютага кирет. Ал күчтүү болушу үчүн өлкөдө өндүрүштүн көлөмү өсүшү зарыл. Улуттук банк учурда «акча алмаштыруучу» жайга айланып калды. Экономиканы көтөрүү үчүн кредиттик саясатка өзгөртүүлөр киргизүүлүсү зарыл. Бизде коммерциялык банктарда насыянын үстөк пайызы дагы деле жогору бойдон калууда», — деп кошумчалады эксперт.

Эксперт Гурас Жапаров Марал радиосунун «Дүйнө дүбүртү» программасында айткан пикирлерин толук угуу үчүн бул шилтемени басыңыз: «Дүйнө дүбүртү» видео

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM