Биз менен байланышыңыз

Депутат: Боршайкомдун мүчөлөрүнө басым болуп жатат

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 666 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 22-сентябрдагы жыйында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча нааразылыктарын айтып чыгышты.

Депутат Өмүрбек Бакировдун пикиринде, бир мандаттуу шайлоо округдарынын аймактарын түзүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери түздөн-түз басым кылып, чечим кабыл алышына кийлигишип жатат.

Себеби БШКнын шайлоо округдарынын чек аралары боюнча кабыл алган чечимине өзгөртүү киргизилди. Бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болуп бере алат.

«28-августта президент шайлоону дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Президент кол койгондон тарта 7 күндүн ичинде Боршайком бир мандаттуу шайлоо аймактарын бекитиши керек. Акыркы мөөнөт 5-сентябрь болгон. Ошол күнү бир токтом кабыл алып, андан кийин 14-сентябрда ага өзгөртүү киргизип, башка токтом кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Эртең шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга ушул токтом жол ачып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө мамлекеттик чиновниктер, мамлекеттик органдардын жетекчилери түздөн-түз басым кылып, колун кайрып, шайлоо округдары боюнча кабыл алган чечимине өзгөртүү киргизишти.

Мисалы, Кара-Кулжа районунда 53 миң шайлоочу бар, дагы үч районду кошуп салды. Ал эми Араван районунда 80 миң шайлоочу болсо да районду экиге бөлүп салып жатат. Бул кайсы бир чиновниктердин кызыкчылыгы болууда. Ош облусун карап көрүңүздөр, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөндө экиден мандат, калган райондордо бир да мандат жок. Ош шаарында бир эле мандат бар экен. Боршайкомдун төрагасын жыйынга чакырып, мыйзамсыз токтому тууралуу маалымат алышыбыз керек», — деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-сентбярда шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын жарыялаган.

Маалым болгондой, болжолдуу 100 миң 476 шайлоочу бир округду түздү. Боршайком кайра 16-сентябрда 9 шайлоо округунун чек аралары өзгөртүлгөнүн билдирген.

БШК: Бир мандаттуу шайлоо округдары такталды

Copyright © 2017 Maral FM