Биз менен байланышыңыз

Мелис Мырзакматов менен Артур Медетбеков шайлоого чогуу барат

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 323 | 0

«Улуттар биримдиги» элдик партиясы Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы менен бирикти. Бул тууралуу «Улуттар биримдигинин» төрагасы Мелис Мырзакматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясын Артур Медетбеков жетектейт. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук маселелери боюнча эксперт.

«Улуттар биримдиги» партиясы 18-сентбярда «Көзөмөл» коомдук кыймылы менен бириккен.

Сентябрдын башында тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов да «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңешине мүчө болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM