Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Форумдун негизги максаты — Борбор Азия аялдарын күчтөндүрүү (видео)

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 331 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму БУУнун өнүктүрүү фондунун жана Борбор Азия аялдар диалогунун колдоосу менен өтүп жатат.

Борбор Азия аялдар диалогу 2020-жылдын аягында түзүлгөн. Буга чейин кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форуму Ташкентте болуп өткөн.

Бул жолку аялдардын бизнес-форумунан конкреттүү жыйынтыктар күтүлүп жатканын Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

«Бул жолку форумдан конкреттүү келишимдерди жана конкреттүү меморандумдарды күтүп жатабыз. Себеби бизде Өзбекстан менен биргеликте аялдар айыл чарба тармагында, жеңил өнөр жай тармагында иш алып бара алат. Өзбекстан менен базарларыбыз жакын. Ошондуктан Борбор Азия аялдарын күчтөндүрүү үчүн эки тараптуу бизнес-форум уюштуруп жатабыз. Бул аракеттер жакынкы эле күндөрдө өзүнүн жакшы жыйынтыктарын алып келет», — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал экономикалык жактан күчтүү аялдардын укуктары, балдары, үй-бүлөсү карала турганын кошумчалады.

Форумдун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдары тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өзбекстандан жалпы 22 ишкер аял, Кыргызстандан 57 ишкер айым катышууда.

Иш-чарага Өзбекстан Олий Мажлисинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Норбаева катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM