Биз менен байланышыңыз

Улуу муунду бир кесипке үйрөтүү курстары башталды

Коом | 20 Сен 2021 | 738 | 0

20-сентябрда 16 жаштан жогорку курактагы жарандарды окутуу декадасы башталды. Окутуунун максаты: улуу муундун да билим алуусуна, бир кесиптин ээси болушуна мүмкүнчүлүк берүү. Ал үчүн республиканын ар кайсы аймактарында атайын борборлор ачылган.

Декаданын алкагында кыска мөөнөттүк атайын курстар өтүлөт. Окуу борбор калаанын тургундарына эле эмес, алыскы айылдарда да жүргүзүлөт.

«Чоңдорго билим берүү» кыргыз бирикмеси 15 жылдан бери иш алып барат. Бул убакыт аралыгында өлкө боюнча 12 миңден ашуун жаран билим алган. Бирикме айыл чарба, ветеринария, жеңил өнөр жай, IT-технология сыяктуу тармактардын адистерин даярдайт.

Бирикменин аткаруучу директору Чолпон Карагул кызынын айтымында, окутуу борбору келген жарандардын кыска убакыттын ичинде билим алышына жана үйрөнгөн тармагы боюнча иштөөсүнө жардам берет.

«Чоңдордун билим алуусуна байланышкан иш-чаралар бардык аймактарда, анын ичинде Бишкек шаарында да өтөт. Мисалы, бүгүн «Ала-Тоо» аянтында биз масштабдуу флешмоб менен он күндүктү баштайлы деп жатабыз. Аянттагы иш-чарада китеп окулат. Мындан сырткары көркөм окуу боюнча сынактар ​​болот. Ал жактан он күндүк окутуу тууралуу жетиштүү маалымат беребиз. Мамлекеттин ар кайсы аймактарында бирикменин мүчөлөрү бар. Эгерде жаран тоолуу аймакта жашап, бирок биздин борбордон билим алгысы келсе, айыл өкмөткө билдирме таштаса болот. Бул аркылуу биздин окутуу борборлорго маалымат жеткирилет. Ошонун негизинде группа топтолсо, мугалимдер ошол аймакка барып, окутканга мүмкүнчүлүгү бар».

Чоңдорго билим берүү боюнча салым кошуп келе жаткан «Данида» коомдук фонду өлкөнүн түштүк аймактарында иш алып барат. Фонддун директору Гүлжамал Үркүнбаева окуу борборлору тууралуу маалымат берди.

«Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан алынган лицензиянын негизинде кесипкөй жана жарандык багыттагы курстарды окутабыз. Кесипкөй багыттагы курстарда тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк, IT тармагы окутулат. Бул багытта окуп бүткөн жарандар белгилүү стандарттагы сертификат алышат жана анын негизинде квалификациялар берилет. Андан кийин жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми жарандык багыттагы окутуу кыска убакыттын ичинде, тагыраагы, 2 же 3 күндүк окутуулар, тактап айтканда, жарандардын ой жүгүртүүсүн, билим деңгээлин өстүрүүгө багытталат. Мындан сырткары үй-бүлөлүк баалуулук, позитивдүү тарбиялоо жана каржылык сабаттуулук жаатында курстар өтүлөт».

Кыргызстандагы улуу муундагы жарандардын билимин жогорулатууга эл аралык уюмдар да көмөктөшөт. Алардын бири: DVV International эл аралык бирикмеси. Бирикменин программалык менеджери Жаркынай Усупованын айтымында, мекеме жөнөкөй адамдарды эле эмес, түрмөдөгү жарандарды да окутат.

«DVV International 2002-жылдан бери биздин өлкөдө иштеп келет. 16 жаштан улуу жарандар кайрыла алат. Чоңдор арасында жаш категория жок. Бирикме улуу мундагы адамдарды окутуу, ишин илгерилетүү максатын көздөйт. Өзгөчө иштерден айтсак, жабык жаза аткаруу жайларындагы жарандарды да окутабыз. Аларга атайын даярдалган окуу курстары өтүлүп келет. Бул иштер түрмөдөн чыккандан кийин кайрадан коомго аралашуусуна жардам берет».

Окутуу борборуна катталуу жана курстар тууралуу маалыматты «Чоңдорго билим берүү» кыргыз ассоциациясынын сайтынан алса болот.

Copyright © 2017 Maral FM