Биз менен байланышыңыз

«Жер маселесин чечип берем» деп, элди «тоногон» шылуун кармалды

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 333 | 0

«Жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жардам берем» деп, элди алдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1989-жылы туулган Ж.К. Аламүдүн районунун тургундарын «жер тилкелерин трансформациялоого, документтерин мыйзамдаштырууга жардам берем» деп алдап, акчасын алып кетип турган. Кылмышка шектүү ишенимге кирүү үчүн элге өзүн Башкы прокуратуранын, ИИМдин кызматкери, жактоочу, юрист катары тааныштырып келген. Ал алдап алган акчалардын жалпы суммасы 21 миң 500 АКШ долларын түзгөн.

ИИМдин эктремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен Аламүдүн РИИБнин биргелешкен издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү колго түшүп, Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы аталган факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен иш козгоп, шектүүнүн башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу иликтенип, суракка алынып жатат.

ИИМ ушул Ж.К. аттуу адамга алданып калгандар же алдамчылыгы боюнча маалымат билгендер болсо, (0702) 20-40-70, (0705) 00-88-08 телефон номурларына чалып коюуну өтүнөт.

Ошондой эле өлкө жарандарын ушул сыяктуу иштерге кабылып калуудан сак болууну, жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүүнү, анүчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM