Биз менен байланышыңыз

Октябрдагы шайлоо: УКМК Нарындын мэрин кармады

Кыска кабар | 18 Сен 2021 | 1993 | 0

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Ал мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды.

«Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри болуп турган Самарбек Болотбеков кармалды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар делип, УКМКнын тегөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков 16-сентябрда ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча кылмыш жасоого шектелип кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM