Биз менен байланышыңыз

Адам өлтүрүүгө шектелип аскер кызматкери кармалды

Кыска кабар | 18 Сен 2021 | 1188 | 0

Эмгек өргүүсүндө жүргөн УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Эски-Оочу айылында жолдун четинде эркек кишинин сөөгү табылган.

Бул кылмышка шектүү катары Лейлек РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларында 1991-жылы туулган С.П. аттуу аскер өтүүдө. Ал 6-сентябрдан бери эмгек өргүүсүндө жүргөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-сентябрда шектүү досу менен бирге тойдон кайтып келе жатышкан. Экөөнүн ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал мушташка айланып, натыйжада алардын бири каза болгон.

18-сентябрда аскер кызматкери С.П. укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM