«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалды. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Оторбаев премьер-министр болуп турганда Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин «Кумтөр» кенинин башкы планы боюнча экспертиза жүргүзө турган комиссиясына кысым көрсөтүп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген.