Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Өзгөндөгү фестивалга катышат

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 332 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда «Өзгөн-Мунара-2021» этнофольклордук  фестивалына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайты жазды.

Иш-чара кечки саат 20:25те Өзгөн шаарында өтөт. Аны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз чагылдырат.

Фестиваль жергиликтүү элдин руханий-адеп-ахлактык жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, жер-жерлердеги тарыхый баалуу мурастарды даңазалоо максатында уюштурулган.

Майрамдык салтанатка манасчы, дастанчы, төкмө акындар, фольклордук ансамблдер, искусство чеберлери, сүрөтчүлөр, уз-усталар, кол өнөрчүлөр жана улуттук тамак-аш боюнча ашпоздор катышат.

Анын алкагында азык-түлүк, мөмө-жемиш жарманкеси, кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдарынын жана сүрөт көргөзмөсү, этномода, күрүч фестивалы болуп, гала-концерт менен коштолот.

Фестиваль Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей-комплекси жана Өзгөн шаарынын аянтында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM