Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жаза аткаруу кызматынын №50 тергөө изоляторуна камакка алынды.
Мындай чечимди 16-сентябрда Бишкекти Биринчи май райондук соту чыгарды.
Асанов 2021-жылдын 14-ноябрына чейин абакта болот.
Курсан Асанов «бийликти күч менен басып алууга» шектелип, 14-сентябрда кармалган.