Connect with us

Эльдар Абакиров: Айылдагы эжелерде айына 25-30 миң тапканга мүмкүнчүлүк бар

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2021 | 4319 | 4

Чүй облусунда «Кыргыз айыл текстиль» долбоору ишке ашырыла баштады. Анын демилгечиси экономист Эльдар Абакиров мындай кадамга барууга айылдардагы жумушсуздук себеп болгонун «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жумушсуздук, миграция көйгөйүн чечүүнүн үстүндө көп ойлонгонун айтат. Бишкектеги тигүү цехтеринен, орусиялык буюртмачылардан тигүүчүлөрдүн жетишсиздиги курч турганын угуп, акыры өзү туулуп-өскөн Кегети айылында чакан цех ачууну чечкен. Өзү иниси жана эжеси менен 10 жылдан ашык убакыттан бери цех иштетип келе жаткандыктан, бул тармакты жакшы билет.

«Айыл өкмөткө барып, «оор шартта жашаган 10 үй-бүлөнү тандап бергиле» дедим. Аларга өзүбүздүн цехтен 4-5, башка жактан 4-5 мурун колдонулуп жүргөн тигүүчү машиналардан алып бердим. Айыл өкмөт көптөн бери бош турган бир бөлмөнү берди. Ишти баштаганыбызга 5-6 күн болду. Ошол күн аралыгында ар бир айылда 10-15 жылдык тажрыйбасы бар тигүүчү эжелер көп экенин көрдүм. 10 киши алсам, анын бешөөсүнүн мол тажрыйбасы бар экен. Аларды борбордогу тажрыйбалуу цехтерге алып келип, текшерип көрдүк. Эми өздөрүнчө буйрутма алып башташты. Бишкекте орто тиккен тигүүчү айына 25-30 миң сом табат, жакшы тиккендер 40-50 миңге  чейин табат экен. Айылдагы адамдардын күндүз бош убактысы көп. Ошону туура пайдаланса, балдарынын жанында отуруп акча тапканга мүмкүнчүлүк болот», — дейт ал.

Анын айтымында, бренддин максаты –коомду бириктирүү.

«Мен муну «кооператив» деп атап жатам. Ар бир машинкасы бар эже кооперативдин мүчөсү, ичинде да өзүнчө ишкер. Тигүүчү машинанын жарым акчасы менден жардам болсун деп жатам, жарым акчасын иштеп тапканда, кайтарып беришет. Ал акчага мен кайра машина алып, тегеректеги айылдарга да ушундай цехтерди жайылталы деген ой бар», — деди экономист.

4 пикир

4 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM