Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча департаменти, Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнө турган кызматтардын тарифтеринин прейскурантын (товарга болгон баалар тууралуу маалымдама) бекитти. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирет.
Ага ылайык, ПЧР-тесттеринин баасы 32 пайызга төмөндөдү.
Сапаттуу ПЧР-анализи боюнча бир изилдөөнүн баасы 1 326 сомдон 896 сомго түштү.
Эске салсак, буга чейин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясында ПЧР-тестти тапшыруу 1 574 сомдон 786 сомго арзандаган.
Ал эми башка жеке менчик лабораториялар өздөрү койгон тариф менен иштеп жатышат.