Биз менен байланышыңыз

Жаңы окуу жылы: COVID-19дан сактануу талаптары күчүндө калат

Билим-маданият , Коом | 13 Сен 2021 | 2854 | 0

Кыргызстанда 15-сентябрда жаңы окуу жылы башталат. Бир жылдан ашык карантиндик чектөөлөрдөн кийин окуучулар мектеп босогосун толук атташат. Билим берүү жана илим министрлиги 2 жылдык онлайн режимден кийин билим берүүнү оңдоо программасын иштеп чыкты.

Коронавирус пандемиясы мектеп окуучуларын аралыктан окууга мажбур кылды. Бирок быйыл 15-сентябрдан тарта алар кайрадан мектепке бара башташат. Билим берүү жана илим министрлиги бул үчүн толук даярдык көрдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте алгоритм иштелип чыкты.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылынын башталышында окуучуларды COVID-19 илдетинен сактоо максатында эмне иштер аткарылганын түшүндүрдү.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги менен алгоритмдин бардык шарттарын талкуулап иштеп чыктык. Эң негизгиси: тазалык. Мисалы, окуучулар сыртка чыкканда класстын ичин желдетип, орундуктарды улам жууп турушу керек. Мындан сырткары мугалимдин, окуучунун кол жууй турган жайы болушу керек. Ал эми окуучу даяр болсо, каалаган мектеп формасын ала берсе болот. Эгер мүмкүнчүлүгү жок болсо, классикалык түрдө кийине берет. Үстү ак, асты кара түстө кийинүүгө уруксат. Жалпысынан, окуучунун өзүнө ыңгайлуу, таза жана тыкан болушу керек. Атайын мектеп формасын сөзсүз түрдө сатып алгыла дегенден алыспыз».

Дарыгерлердин сунушуна ылайык, Бишкек шаарындагы мектептерде беткап тагынуу милдеттүү талап кылынат. Бишкек шаарынын социалдык саясат маселелери боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, калаадагы бардык билим берүү мекемелериндеги окуучулар, студенттер жана мугалимдер алгоритмге баш ийиши керек.

«Беткап тагынуу боюнча дарыгерлердин сөзүнө баш иебиз. Беткап тагынуу алгоритмде да так көрсөтүлгөн. Бул жерде ар бир окуучунун ден соолугунун чың болушуна ата-эне да зор салымын кошот. Биздеги мектеп мугалимдеринин 70%ы эмдөөдөн өттү. Бирок бала үйүнөн да жуктуруп алышы мүмкүн. Ошондуктан балдардын ата-энеси да бул нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле жасашы шарт. Мектепке кеткендеги жана келгендеги баласынын абалын көзөмөлдөп турушу керек. Үйүнөн ооруп келип, классташтарына жугузушу толук мүмкүн».

Окуу жылынын башталышы менен мектептерде акча чогултуу көйгөйү башталат. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев буга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн айтты.

«Каражат чогултуу маселеси бир топ убактан бери уланууда. Бул нерсе болуп келген жана боло берет. Биринчиден, мыйзамда жазылып турат. Берген адам да мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек. Тескерисинче, мугалимдерге ата-энелер өздөрү сунуштап жатышат. Бала «2» алып жатса, дароо акча сунасыңар. Ар бир адамдын өзүнөн башталат. Ким кайсы жакта жашаса, ошол жактан билим алышы керек. Ар бир мектепте ата-энелер комитети жана камкордук кеңеши бар. Биринчи суроо: «Каражатты кимге берип жатасыңар?». Эгерде мугалим тараптан жөнү жок талап кылынса, биз мыйзам чегинде чара көрөбүз. Конституцияда бул тууралуу жазылган. Негизги билим бекер берилет. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, бүгүнкү күндө мектепке жардам берүү керек».

Ошондой эле «Алгачкы коңгуроо» салтанаты ачык жайда, мектептин короосунда өткөрүлөт. Кокус аба ырайы начар болуп калса, жыйын залында графикке ылайык өтүшү керек. Быйыл өлкө боюнча 159 миң бала 1-класска барат. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу аралыктан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM