Биз менен байланышыңыз

УКМК Эл аралык «Касперский лабораториясы» менен биргеликте «кибер калкан» түзүшөт

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 420 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жардамы менен маалымат коопсуздугу жана санариптик купуялык жаатында иштеген эл аралык «Касперский лабораториясы» компаниясы менен киберкоопсуздук боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанатка «Касперский лабораториясынын» башкы директору Евгений Касперский жана УКМКнын төрагасынын орун басары, Кибер коопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев катышты.

Бул келишимдин артыкчылыгы Кыргызстандын киберкоопсуздугунун комплекстүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Кыргызстан кибер коркунучтардын ар кандай рейтингдеринде көп учурда алдыңкы катарларда турат. Аталган лабораториянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын башынан бери, Кыргызстанда болжол менен ар бир төртүнчү интернет колдонуучу ар кандай кибер коркунучтарга, ал эми ар бир экинчи интернет колдонуучу-колдонуучунун аппаратына алынуучу маалымат каражаттары аркылуу жергиликтүү (локалдык) коркунуч деп аталган чабуулдарга туш болгон.

«Бул келишим бизге пайда алып келет. Биз «Касперский лабораториясы» менен компьютердик инциденттерге жооп берүү боюнча кызматташтыкты бекемдеп жатабыз. Анткени кызматташуу кибер коркунучтарга каршы күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу. Дүйнөдөгү киберкоопсуздуктун алдыңкы оюнчуларынын тажрыйбасы жана билими бизге мамлекеттик секторго, бизнеске жана жеке колдонуучуларга карата жасалган чабуулдарга каршы турууга жардам берет»-деди УКМКнын төрагасынын орун басары, Кибер коопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM