Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын мэри Түркиянын Измир шаарынын мэри менен жолукту

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 255 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2021-жылдын 9-11-сентябрына чейин Измир шаарында (Түркия) өтүп жаткан «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» Бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан уюштурулган маданий саммитине катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, самиттин алкагында Жунушалиев Түркиянын Измир шаарынын мэри Тунч Сойер менен жолукту.

Тараптар шаар аралык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Измирге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Измир менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана тажрыйба алмашууга кубанычта экендигин билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM