Биз менен байланышыңыз

Быйыл Жалал-Абад облусундагы 60 айылга таза суу жеткирилет

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 265 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын-2 айылындагы калкка таза суу жеткирүү иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда аталан жайда 40 пайыздан ашык жумуштар аткарылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоордун сметалык баасы 14 млн 302 миң сомду түзүп, тендердик баасы 9 млн 999 миң сом деп бааланган. Жумуш «Ал-Кадыр Сантех Сервиз» ЖЧКсы тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында башталган. Жумуштар жыл аягына чейин бүткөрүлүп таза сууга болгон муктаждык жоюлмакчы. Жашасын-2 айылында 800дөн ашуун калк жашайт.

Ал эми Кызы-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылында да 19 млн 490 миң сомдук таза суу долбоору жүрүүдө. Учурда андагы жумуштардын 55 пайызы аяктады.

Жалал-Абад облусунда 2021-жылгы карата 60 айылга таза суу жеткирүү пландалган. Анын ичинен 34 айыл республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы суммасы 445 млн 966,5 миң сом акча каражаты керектелет. Калган айылдар жергиликтүү бюджет, райондук өнүктүрүү фонд жана эл аралык уюмдардын колдоосу астында ишке ашууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM