Биз менен байланышыңыз

Кеминде жол жээгиндеги комплекс курулду

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 217 | 0

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүйдүн Кемин районунун Боролдой айыл аймагында жол жээгиндеги комплекс курулду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) кабарлашты.

Анда азык-түлүк дүкөндөрү, тамактануучу жай, эс алуу бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн токтотуучу жай, даараткана, балдар аянтчасы каралган.

Ошондой эле АРИС тарабынан автономдук от жагуучу бөлмө, трансформатордук подстанция, суу ичүү үчүн 100 куб метр көлөмүндөгү жабдуу, суу жеткирүү жана, септик, электр өткөрүүчү линиялар жана жер астындагы электр кабелдер орнотулган.

Имараттын аянты 315 чарчы метрди түзөт. Объекттин жалпы наркы 12 мле 569 миң 781 сом. Донор тарабынан 12 млн 341 миң 292 сом көлөмүндө грант бөлүнсө, Боролдой айыл аймагынан 228 миң 489 сом берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM