Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Индиянын соода жүгүртүүсү 82 млн долларга жетти

Экономика | 10 Сен 2021 | 1284 | 0

Индиядан келген ишкерлердин Кыргызстанга болгон 5 күндүк иш сапары соңуна чыкты. Иш сапардын жүрүшүндө эки тарап туризм жана билим берүү тармагында кызматташуу, ошондой эле айыл чарба өндүрүмүн эскпорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар келишимдерге кол коюшту. Эки тараптуу кызматташуунун жалпы бюджети 82 млн долларды түзөт. Бизнес өкүлчүлүк 2021-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга кайра келет. Анда кандай маселелер талкууланат жана Индиянын ишкерлери Кыргызстан менен кызматташууга эмне себептен кызыгууда? Суроолорго жооптуу алдыда серепчилерден алабыз. 

Туризмди өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен Индиянын бизнес чөйрөсү жолугушууларды өткөрүп жатат.

Кыргызстанга Индиядан келген делегациянын жетекчиси, Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал беш күндүк сапар ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Ошондой эле Кыргызстанга курамына бал, кургатылган жемиш, жаңгак кошулган таттууларды чыгарган ишкана ачуу пландалып жатканын айтты.

«Делегация инвестицияларды коргоо боюнча агенттиктин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан сырткары Билим берүү жана илим, Айыл чарба министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугуштук. Ошондой эле жеке ишкерлер менен таанышып, алардын ишканаларына бардык. Кечээ «Аю Холдинг» компаниясы менен тааныштык. Кыргызстандан шарап жана алкоголь ичимдиктерин Индияга экспорттоо планыбызда бар. Холдингдин жетекчилиги жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кызматташуу меморандумуна кол койдук. Индияга кургатылган жемиштерди, балды, дары чөптөрдү жана асафетида татымалдарын экспорттоону да пландаштырып жатабыз».

Индия-Евразия соода кеңешинин өкүлү Харвиндер Пал Мехта Индия тарап Кыргызстан менен жайкы жана кышкы туризм, билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

«Биздин бүгүнкү миссиябыз — туризмди өнүктүрүү. Биринчиден, биз Кыргызстанды бал айынын саякатына жана үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрө турган жерге айландыргыбыз келет. Өзгөчө Ысык-Көлдү белгилеп кетким келет. Ысык-Көл Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет. Бул үчүн биз пансионаттар менен тыгыз иштешебиз. Бул долбоор ишке ашса, Индиядан бул жерге 500гө жакын турист келет. Айыл чарба техникасы боюнча адистерди даярдоо үчүн окуу борборун курууну пландап жатабыз. 2021-жылдын ноябрында чоң делегация менен келебиз. Ошол убакта бул маселелер кененирээк талкууланат. Биз индиялык адистерди Кыргызстанга чакырабыз».

Мындан сырткары Индиянын Мумбай шаарында атайын кыргыз өкүлчүлүгүнүн кеңсеси ачылганы маалым болду. Эми кызматташуу боюнча бардык суроолорго эшик ачык экенин делегациянын башчысы Асиф Икбал кошумчалады.

«Өкүлчүлүккө туризм, билим берүү, бажы кызматы ж.б. суроолор боюнча кайрылсаңыздар болот. Бирок бул маселелер 2021-жылдын ноябрындагы жолугушууда дагы талкууланат. Индиядан Кыргызстанга айыл чарбага керектелүүчү техникалык жабдууларды алып келүүнү карап жатабыз. Акыркы эки жылда эки тараптуу соода жүгүртүү 82 млн долларды түздү. Учурда кызматташуунун негизги багыттары — фармацевтика, туризм, билим берүү ж.б. Ошондой эле, Индия өкмөтү бул аймактарды колдоо үчүн кредиттик линияларды берип жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы Салык жана бажы кызматындагы салыкты кыскартуу маселелерин карап жатабыз».

Кошумчаласак, 2022-жылдын жаз айында өлкөдө Кыргыз-индус инновациялык форуму өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM