Биз менен байланышыңыз

«Газпром»: «Түндүк агым- 2» газ алып өтүү долбоору аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 1011 | 0

«Газпром» ААКнын жыйынында башкармалыктын төрагасы Алексей Миллер бүгүн, 10-сентябрда эртең менен Москва убактысы боюнча 8:45те «Түндүк агым- 2» газ түтүгүнүн курулушу толугу менен аяктаганын кабарлады. Бул тууралуу «Газпром» ишканасынын маалымат кызматы «Твиттер» баракчасына жазды.  

Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин тартылган газ түтүгүнүн акыркысы 6-сентябрда ширетилип бүткөн. Ал эми Даниядан жана Германиядан келген секцияларды туташтыруу 10-сентябрь саат 8:45те (Москва убактысы боюнча) толук аяктады.

«Түндүк агым-2» — Орусиядан Германияга эки секциялуу газ куурун алып өтүү үчүн макулдашылган долбоор. Куурдун жалпы узундугу 1234 километрге чейин жетип, Балтика деңизи аркылуу өтөт. Долбоордун биринчи секциясы ушул жылдын июнь айында аяктаган.

«Газпром» газ куурун ушул жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү максат кылат. Бул жылы 5,6 миллиард кубометр газ өтөрү болжолдонууда. Долбоор толук ишке киргенден кийин Орусия Германияга жыл сайын 55 млрд кубометр газ сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.   

Долбоорду ишке ашырууга Европанын бир нече өлкөлөрү жана АКШ каршы чыккан. Анын себеби АКШ Европага саткан газына атаандаш каалабайт, анан да газды куур менен тартуу арзан жана оңой да болот. Ал эми Украина орус газ транзитинен түшкөн 2 млрд доллардан ажырап калгысы келбейт. Ушул себептен улам «Түндүк агым- 2» долбооруна каршы тарап көп болгон.

Газ тартуу иштерин 2019-жылдын декабрында Швейцариянын Allseas компаниясы колго алып, бирок АКШнын санкцияларынан улам улантуудан баш тарткан. 2020-жылдын декабрында долбоорду аткаруу иши «Газпром» компаниясына берилген. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM