Биз менен байланышыңыз

Депутат: Баткенде аскер шаарчаларын негиздөө зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2021 | 2524 | 0

Баткенде элди кармап калуу үчүн аларга коопсуздукту камсыздап беришибиз керек. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Ал парламент «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алып бергенин эскертти.

«Баткен боюнча парламентте бир топ эле сунуштар түшүп жатат. Менин кесиптештерим да, мен да: «Баткендин чек ара чыры өтө курч турган айылдарды бириктирип туруп, аскер шаарчасын куруп, коопсуздукту камсыздап берели» деген пикир айттык. Чек ара кызматына дайындадык, алар мунун үстүндө иштеп жатабыз дешти. Жумушчу топ бул тууралуу бир канча жолу жолугушуп, өкмөткө сунушту берген. Эми өкмөт бул мыйзамдын аткарылышы боюнча өзүнүн токтомдорун, жоболорун иштеп чыгышы керек», — деди депутат.

Эл өкүлү мисал катары коңшу Казакстанды келтирип, ал жакта чек араларда 30дан ашык аскер шаарчасы бар экенин, аларды мамлекет стратегиялык объект катары коргоого алганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM